Кайгуул кызматынын алгачкы жыйынтыктары
Новость

Бүгүнкү күндө Бишкек шаардык милициясынын Кайгуул кызматында 554 кызматкер иштеп, унаа каражаттарынын саны 80ди түзөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Канат Жумагазиев билдирди. Ал белгилегендей, Кайгуул кызматынын кызматкерлери иштеп баштаган 2019-жылдын 31-октябрынан тарта "102" кызматына түшкөн 7 миң 885 чакырыкка барышкан. "Алардын ичинен 5 миң 482 чакырык такталса, 2 миң 403у такталган эмес. Кайгуул кызматынын кызматкерлери издөөдө жүргөн 8 шектүүнү кармашкан. 544 кылмыштын бети ачылды. Жол кыймылынын эрежелерин бузуу боюнча 6 миң 763 протокол түзүлгөн. Учурда Кайгуул кызматы Бишкектин 4 районунда иштеп жатат.