Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги менен Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги Ухань шаарындагы мекендештерди алып келүү маселесин карап жатат. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти. Министрлик Кытайда коронавирус коркунучу жөнгө салынмайынча ал жакка барбай турууну сунуштайт.
Ошондой эле, министрлик эл көп топтолгон жерлерге барбаганга, жергиликтүү бийликтин жана медициналык мекемелердин айткан кеңештерин сактоого чакырды.