POST1RIGHT
Дүйнө элин дүрбөлөңгө салып, кооптонтуп жаткан коронавирустан Кыргызстанда да алдын алуу чаралары жургузулуудо. Абалды көзөмөлдөп туруу үчүн Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында жана «Манас» аба майданында коронавирусту текшерүүчү жабдыктар орнотулган. Кытай Эл Республикасынан жана башка өлкөлөрдөн келгендер дыкат текшерүүдөн өткөрулгон соң өлкө аймагына киргизилүүдө.
Адамдар эле эмес, өлкөнүн аймагына кирген унаалар да көзөмөлгө алынып, атайын дары-дармектердин жардамы менен зыянсыздандырылууда. Кытай Эл Республикасынын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясынын билдирген акыркы маалыматына караганда, учурда коронавируска кабылгандардын саны 14 миңден ашты, каза болгондор 300дөн ашуун. Кыргызстанда тиешелуу тармактардан турган ыкчам топ чек арадагы текшерүү иштеринин жүрүшүн, Кытайдагы кыргызстандыктардын абалын, дары-дармектерге байланыштуу маселелерди жана өлкөдөгү жалпы кырдаалды көзөмөлдөөдө.
Адамдан адамга жуккан вирустун бул түрү лабораториялык изилдөөлөрдүн натыйжасында аныкталууда. Ошондой эле, илдетке чалдыккан адамдын дене табы көтөрүлүп, дем алуусу оорлошуп, жөтөл менен коштолот. Ал эле эмес, мурдагы ооруларды да кайрадан козгоп күчөтөөрү айтылууда. Оорунун очогу болгон Ухань шаарында дале элдер вирусту жуктуруп алуудан коркуп, сыртка чыгуудан, бири-бири менен сүйлөшүүдөн качууда. Азыркы тапта коомдук мекемелердин бардыгы жабык, бир гана дүкөндөр ачык. Андыктан азык-түлүк тартыштыгы жок,-деп билдирди Кытай Эл республикасынын ЖОЖдорунда окуган Кыргызстандык студенттер биздин каналга.
Кыргызстанга Кытайдын Ухань шаарынан 18 студент алынып келинди. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, студенттер атайын борт менен Казакстандын Нур-Султан шаары аркылуу 18 кыргыз студенти Бишкекке алынып келинди. «Алардын баары аэропорттон тиешелүү текшерүүдөн өттү. Ушул тапта алар Бишкек шаарынын четиндеги ооруканага жаткырылды», - деп билдиришти министрликтен. Карантин мезгилинде Ухандан алынып келинген жарандар менен бир гана медицина кызматкерлери байланышта болуп турушат. «Кошумча маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынан алууга болот.
Саламаттык сактоо мекемелеринин адистери атайын даярдыктан отушту. Жеке коргонуучу каражаттардын зарыл болгон камы жана вируска каршы дары каражаттары өлкөдө бар. Эпидемиологиялык абалга мониторинг жүргүзүүнү күчөтүүнү жана бардык алдын алуу чараларынын топтомун так аткарууну камсыздоону мамлекет башчысы да тиешелүү тармактарга милдеттендирген. өлкө аймагына коронавирустун киришине жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын жыйыны өтүп, анда өкмөт башчы өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү күчөтүүнү жана бардык алдын алуу чараларынын топтомун так аткарууну камсыздоону тапшырды. Ал ошондой эле такталбаган маалыматтардын жайылышына жол бербөө үчүн жарандарды учурдагы жагдай тууралуу үзгүлтүксүз маалымдап туруунун маанилүүлүгүн айтты.
Өкмөттүн ыкчам штабы тарабынан медициналык беткаптарды өлкөдөн сырткары чыгарбоо туурасында да чечим кабыл алынды. Ошондой эле кырдаалдан пайдаланып медициналык каражаттардын баасын негизсиз көтөргөндөргө чара көрүлөөрү эскертилди