Коронавирус: көзөмөл күчөтүлдү
Новость www

POST1RIGHT

Коронавируска байланыштуу , кыргыз-кытай чек арасындагы "Эркештам" көзөмөл-өткөрмө бекетине мобилдик үйлөр орнотулду. Эл көп каттаган аба майдан менен чек ара бекеттеринде тиешелүү адистер күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

"Ош" аба майданында дарыгерлер жүргүнчүлөрдү учак жерге коноору менен текшерүүгө алышууда. Коронавируска байланыштуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти чектеш аймактарда кошумча пункттардын санын көбөйткөн. Өзбекстан, Тажикстан менен чектешкен чек ара бекеттеринде кошумча 4 санитардык-карантиндик пункт иштеп баштады. 

Ал эми “Эркештам” көзөмөл-өткөрмө бекетинде мобилдик үйлөр тургузулду. Анда өзгөчө кырдаалдар жана саламаттыкты сактоо министрликтеринин кызматкерлеринен турган атайын топ жайгашкан. Мобилдик үйлөрдө обочолонгон бөлмөлөр бар. Алар дары-дармектер менен толук жабдылган. Чек ара бекети белгисиз мөөнөткө жабылган. 

Ал эми, аймактык ооруканаларда дарыгерлер үчүн коргоочу каражаттар алынган, обочо палаталар даярдалган. Үй -бүлөлүк дарыгерлер оорунун алдын-алуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. 

Коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча түзүлгөн штаб тиешелүү мекемелер менен эпидемиологиялык кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү күчтөндүрүү иштерин улантууда.