Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп Азиз Аалиев дайындалды. Тиешелүү буйрукка Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Ал 2019-жылдын июль айынан тарта аталган фонддун башкармалыгынын мүчөсү болуп иштеп келе жаткан. Ага чейин Өкмөттүн Аппаратынын каржы жана насыя саясаты бөлүмүн жетектеген.