"Унаа" мамлекеттик ишканасынын директору Алымжан Козубаев кызматынан бошотулду
Новость KTRK/videograp

Премьер-министрдин дагы бир буйругуна ылайык, “Унаа” мамлекеттик ишканасынын директору Алымжан Козубаев ээлеген кызматынан бошотулду. Маалыматка ылайык, буга Коопсуздук кеңешинин берген сунуштары себеп болгон. Белгилүү болгондой, 2018-2019-жылдары “Унаа” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерине карата 100дөн ашык иш козголгон. Анын ичинде мекеме жетекчиси Алымжан Козубаев дагы бар экени айтылган.