Бүтүрүүчүлөрдүн кайрымдуулук белеги
Новость KTRK/videograp

Мектепти мындан 10, 20 жыл мурда бүтүрүп кеткендер жыл сайын май айында жолугушуп, окуучулук күндөрүн эскеришет. Буга чейин жолугушуу кечелери негизинен дасторкон жайууга кеткен чыгымдарга жумшалса, эми анын орду кайрымдуулукка же айылга керектүү курулуштарды бүткөрүүгө алмаша баштады. 

Балалыктын баё сезимине жетеленип, бир оюндан башка эч нерсени билишпеген бир тууган Черикчиевдер атадан да, энеден да эрте ажырашты. Азыр 16 жашар эжеси менен Ак-Талаа районунун «Куртка» айылындагы мына бул эски үйдүн квартиранттары.
MEDIA1RIGHT
Оор тагдырга кабылган мына ушул үй бүлөгө кайдыгер карашпаган Байымбет атындагы орто мектепти мындан 20 жыл мурун аяктаган бүтүрүүчүлөр өз чөнтөгүнөн каражат чыгарып, өз күчтөрү менен жаңы үй курушту. Ага баш-аягы 400 миң сомдой каражат сарпталды. Алардын мындай кайрымдуулук аракетин жергиликтүү эл дагы колдоп берди. Бири тамагын даярдаса, экинчилери курулушка кол кабыш кылышты. Натыйжада көркөмү куп жарашкан там кыска мөөнөттө тургузулуп даяр болду.

Бирок, маселе ушуну менен эле бүтүп калбайт. Эмнегедир Куртка айылындагы бул томолой жетимдерге жөлөк пул чектелбей калган. Бул кемтикти социалдык коргоо кызматындагылар толтуруп, ансыз да кыйын кырдаалга кабылган балдардын көңүлүн көтөрүп коюууга жарашаар. Ал эми Кочкор районунун «Большевик» айылындагы Сатаркул Исмаилов атындагы орто мектептен 1996-жылы чоң турмушка аттанган классташтар мектеп алдын өзгөчө кооздукка бөлөштү. Алардын күчү менен жаан-чачындан коргонуучу жай тургузулуп, ага баш-аягы жарым миллион сом сарпталды.

Нарын облустук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына таянсак, быйылкы окуу жылынын аягында жолугушуу салтанаттарынын жыйынтыгы менен 10 миллион сомду чамалаган жогорудагыдай курулуш обьектилерин бүтүрүүчүлөр туулган айылдарына белек катары сунушат.