Дарыгердин кабыл алуусу үчүн электрондук кезек, бейтаптын электрондук картасы, электрондук рецепт, телемедицина, онлайн кеңеш берүү. Санариптешүүнүн алкагында саламаттык сактоо тармагына мына ушундай электрондук кызматтар кирүүдө.
Медицинаны санариптештирүүнүн негизги максаты - бейтаптар үчүн ыңгайлуу шарт түзүү, убакытты үнөмдөө жана ар кандай документтерди убарасыз тез алууга мүмкүнчүлүк берүү.