Бишкектеги рейд учурунда 27 мас айдоочу кармалды
Новость KTRK/videograp

Бишкекте айдоочуларга карата рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу милициянын Кайгуул кызматынан билдиришти. Түзүмдүн маалыматы боюнча, иш-чаранын жүрүшүндө 1 миң 342 эреже бузуу катталган. Эки күндүн ичинде унааны мас абалда башкарган 27 айдоочу кармалды. 

«Ошондой эле 15 айдоочу унаанын алдыңкы жана капталындагы айнегин караңгылатып алган. Ал эми 34 айдоочу транспорт каражатын тиешелүү документи жок башкарып жүргөн. Айып короого 176 унаа киргизилип, алардын ичинен 87 унаа эвакуацияланды», - деп жазылат маалыматта.