Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү дайындалды
Новость KTRK/videograp

Алишер Абдрахманов өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. 

Буга чейин Абдырахманов облус жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Ал эми өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү кызматын азыркы Вице-премьер министр Акрам Мадумаров аркалап келген.