Аскердик кызмат өтөө боюнча жарлыкка кол коюлду
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Президент Сооронбай Жээнбеков аскер кызматын өтөгөн жигиттерди запаска бошотуу жана жаңыларын аскердик кызматка чакыруу боюнча Жарлыкка кол койду. 

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Ага ылайык, аскердик жана альтернативдик кызматын өтөп бүткөн аскерлер Куралдуу күчтөрдүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан запаска бошотулат. 

Ал эми 18 жашка толгон жана кийинки чакырууга калтырылган уландар 2020-жылдын март–май айларында Куралдуу күчтөргө, башка аскердик түзүмдөргө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакырылат.