POST1RIGHT
Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү. Уюштуруу комитети Президенттин жарлыгына ылайык түзүлгөн. Жыйындын жүрүшүндө Өкмөт башчы бекитилген планга ылайык майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча жүргүзүлгөн иш аракеттер тууралуу маалымат берди. Майрамдык иш-чараларды, республика боюнча өтө турган маданий-массалык жана театрлаштырылган көрсөтүүлөргө даярдыктар талкууланды.
Ошондой эле, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жана ооруктун эмгекчилеринин социалдык абалын жакшыртуу боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө маалыматтар айтылды. Жыйында Бишкек шаарында аскердик жүрүш өткөрүү, Ржев шаарында кыргызстандык жоокерлердин эстелигин орнотуу боюнча пландар тууралуу сөз болду. Мындан тышкары Ош шаарында башталып, 8-майда Бишкек шаарында жыйынтыктала турган «Жеңиш оту» марафонун өткөрүү пландалууда.
Мухаммедкалый Абылгазиев учурда согуштун дээрлик бардык катышуучулары 90 жаштан ашып калганын жана алардын саны жылдан-жылга азайып жатканын айтты. 2019-жылы 380 ардагер болсо, азыр алардын саны 262 адам. «Улуу Жеңиштин тарыхый маанисин эске алып, совет элинин эрдигине жана кайратына таазим этип, Жеңиштин 75 жылдыгы бүткүл элдик майрам катары белгиленет», – деди Өкмөт башчы.