Улуттук банк доллардын куну асмандап кетпешинин алдын алууда
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Коронавируска байланыштуу импорт-экспорт катышы бар мамлекеттерде жагдай чукул жагына өзгөрүп кете турган болсо, Кыргызстандын акча-насыя саясаты алдын ала даярдык көрүүдө. Тиешелүү чечимдерди кабыл алып, доллардын куну асмандап кетпешинин алдын алууда. 

Мындан тышкары Кыргызстандын 2 млрд сомдон ашуун каражаты эл аралык сактоодо турат. Бул сумма продукцияны 100 % тыштан алган шартта өлкө керектеген импорттук продукцияны 5 ай бою камсыздоого жетет. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Бишкекте өткөн маалымат жыйында айтты. Андан тышкары Улуттук банктын башкармалыгы коммерциялык банктарга карата бериле турган проценттик акчанын чен өлчөмүн 5 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Бул кадам экономикадагы туруктуулукту көздөгөн чаралардын бири болууда.

"Эсептик чен бул биздеги уч инструменттин бироосу. Андан тышкары обязетельное резервное требование деген бар. Андан тышкары интервенция жасоо. Ошондуктан любой ситуация кандай болуп кетсе да даярбыз. Инструменттерибиз колдо бар",- деди Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов.