“Кыргызстан: Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог” аталышында форум өтөт
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиевди кабыл алып, “Кыргызстан: Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог” аталышындагы экинчи форумуна даярдыктардын жүрүшү менен таанышты. 

Иш-чара март айында өтөт. Биринчи форум 2019-жылдын февралында болгон. Экинчи форумдун ишине жалпы республика боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, аймактардагы ишкерлер, донор уюмдар менен бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышаары күтүлүүдө. 

Тематикалык сессиялар Президенттин 2020-жылды Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыгына ылайык, негизги үч багытка бөлүштүрүлөт. 12 тема боюнча талкуунун жүрүшү күтүлүүдө: аймактарды экономикалык жактан өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын күчөтүү, инфратүзүмдүк өнүгүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты, жергиликтүү бийликтердин ишин санариптештирүү, балдарды социалдык колдоо жана башкалар.