Өлкөдө баалуу кагаздар рыногунда жетимиш үч юридикалык жак кесипкөй иштерди жүргүзөт. Бир жыл аралыгында 108 лицензия берилди. Бул тууралу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын өткөрүлгөн коллегиясында белгиленди.
2019-жылы баалуу кагаздар менен жасалган бүтүмдөрдүн саны 3951ге жетти. Бул мурунку жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 19 пайызга көп экенин ырастайт.
Кадыр Калилов, "Биринчи радио"