Былтыр Кыргызстандын экономикасында 4,5 пайыз өсүш болду
Новость www

POST1RIGHT

Былтыркы жылдын жыйынтыгын алганда импорттун көлөмү азайып, экспорт өскөнү байкалды. Быйыл болсо жыл аягына чейин экономикадагы өсүш 5 % болот деп болжолдонууда. Бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында Экономика министрлиги жагдай тууралуу маалымат берди.

Былтыр Кыргызстандын экономикасында 4,5 пайыз өсүш болду. Анын ичинде курулуш сектору 110 %, өнөр жай 6,9 %, кызмат көрсөтүү тармагы 102,9 пайызга өскөн. Андан тышкары импорттун көлөмү азайып, экспорт жакшырган.