Орусия менен Кыргызстандын канатташ жылы эки өлкөнүн кызматташтыгын эң жогорку деңгээлге чыгарууга түрткү берет. Өзгөчө мамлекеттер ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштар чыңдалат, - дейт талдоочулар.
Эриш-аркак жыл эки мамлекеттин кызматташтыгы түптөлгөндөн бери алгачкы жолу өтүп жатат. Эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө да маанилүү. Анын алкагында 200дөн ашык иш-чара болжонгон.