Борбор калаада жашылдандыруу иштери башталды
Новость

“Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясында 300дөн ашык бак-дарактын көчөтү тигилүүдө. Анын кире беришинде Кыргызстандын Президентинин, Жогорку Кеңештин Төрагасынын жана Өкмөт башчысынын атынан көк карагайдын көчөттөрү да тигилди. Алардын арасында кыргыз ак карагайынын, кооздук үчүн өстүрүлгөн арчанын түрлөрү жана жаңгактын көчөттөрү бар. Күн жылыса дагы бир миң түптөн ашык гүлдөр отургузулат. Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгына ылайык "Манас" жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясын түзүлгөн. Максаты - "Манас" эпосун, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк мааниге ээ болгон көркөм, гуманисттик, философиялык-этикалык мурасын сактоо жана жайылтуу, ар тараптан терең изилдөө болуп саналат.