“Манас” аэропортунда коронавируска каршы дарыгерлердин машыгуусу уюштурулду
Новость КТРК

Бейтаптын ролун аткарган адамга карата учактан түшкөндөн тартып, текшерүүдөн өткөрүү, дарыгерлердин кеңеш берүүсү, обочолонгон бөлмөдө кароо жана аны ооруканага жеткирип, жайгаштыруу иштери көрсөтүлдү. Дарыгерлердин даярдыгына тиешелүү мекеме жетекчилери күбө болуп, анын жыйынтыгы менен кошумча сунуштар даярдалууда.