POST1RIGHT
Мөмөлүү дарактарды отургузуу менен дасторконуңузда ар дайым жаңы жемиштин болушу камсыздалат. Бирок көчөттү туура тандап, өз убактысында отургузуу керек. Ошондо мөмө-жемиштин өз мезгилинде жетилүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Сузак районунун Октябрь айылынын тургуну Авазбек Аманбевдин жаңы конушка турак жай салып, үй-бүлөсү менен ал жакка отурукташканына көп жыл боло элек. Авазбек бош турган короосуна бак тигүү үчүн көчөт сатып алайын деп келген.
Сатуучулардын айтымында, алчанын көчөтүнө суроо-талап жогору. Анткени мөмөсү тез жетилип, түшүмдү эрте бергендиктен элдин көпчүлүгү киришелүү бак-даракты отургузууга ыкташууда. 3 жылдык алчанын 1 даана көчөтү 150 сомго чейин сатылууда. Көчөт базарда алманын жаңы сортун алгандар дагы арбын.
Адистердин белгилөөсүндө, бак-дарак көчөтүн өз убагында отургузуп калуу керек. Анткени көчөттүн бүчүрлөрү жаз айынын биринчи айында уйкуда болот. Апрель айынын орто ченинде жанданат, ал учурда отургузууга болбойт. Себеби көчөттүн бүчүрлөрү ойгонгондон кийин аны ордунан козгоо менен кууратып алуу толук мүмкүн. Эң башкысы көчөттү сатып алууда жакшы көңүл буруу керек. Талап боюнча тамырлары күчтүү, жакшы өөрчүгөн 2 же 3 жылдык болгону жакшы. Себеби жаңы орунга бат ыңгайлашат.
Ал эми эгилген көчөттөр куурабай өсүшү үчүн, эгүүдөн мурун алгач жерди жакшылап даярдоо зарыл. Топурак менен малдын чириген кыгын теңме-тең аралаштырып себүү кажет. Андан сырткары минералдык жер семирткичтерди да берип туруу ашыкчалык кылбайт. Көчөттү отургузууда кажылган жердин тереңдигине дагы жакшылап көңүл буруу керек. Мисалы, алма, алмурут, алчанын көчөттөрүн отургузууда жердин тереңдиги 60 сантиметр казылса, шабдалы, жүзүм 50 сантиметр тереңдикте казылат. Жаңгак көчөттүн тереңдигин 70-80 сантиметр казуу талапка жооп берет.