"Жаратман": Дүкөн текчелериндеги баалар
Новость www


XX кылымдын башындагы белгилүү америкалык жеке ишкер, чекене дүн соода борборлорунун жаратманы жана албетте азык-түлүк,кийим-кечек,буюмдар сатылуучу дүкөн текчелерине баа чаптоо ыкмасын ойлоп тапкан инсан тууралуу кызыктуу кеп салабыз.


1873-жылы бизнес колледжинин 2-семестрин жакында эле аяктаган америкалык Фрэнк Вулворт дүкөнгө жардамчы болуп жумушка орношот. Фрэнк кардарлар кайрылганда коркуп кекечтенген,уялчаак бала болгон экен. Бирок дүкөндүн ээси мистер Мур Фрэнктен шамдагай, эпчил соодагер болуп чыгышын каалаган, ошентип бир күнү Мурдун жумуштары чыгып Фрэнкке бир күң кечке чейин болбостугун айтып кетет. Жаш жигит жалгыз калганы аз келгенсип, сатуучунун да ордун аткарат. Андан тышкары Фрэнк дүкөндөн түшкөн күндүзгү кирешени да иштеп табуу керек эле, болбосо Мур аны жумуштан айдап чыкмак.


Жаш жигит кантип кардарлар менен сүйлөшөм деген бир ойдон дене-бою дирилдеп титиреп корккон. Ошол замат Фрэнкте гениалдуу ой пайда болот: канткенде кардарлар анын тынчын албай соода кылат деген суроого ал оңой эле жооп тапкан. Ал кагазга буюм, азык-түлүктөрдүн баасын жазып, чаптап кою иш аракеттерин көздөйт. Түнү бою кардон кагаздарды төрт бурчтук кылып кайчы менен кыркып, беттерине бааларды жазып, ар бир товар турган жердин жанына чаптап чыгат. О.э мөөнөтү өтүп, туруп калган буюмдар менен азыктарга баары “5 центтен” деген жазуу менен арзандатуу жарнагын жарыялап коет.


Кардарларга Фрэнктин ою абдан жаккан. Анткени алардын арасында дагы Фрэнкке окшоп өткүрлүгү жок, уялчаактар да болгон. Суроочулары аз болгон товарлар 2 сааттын ичинде эле сатылып жок болгон. Ал эми Фрэнк 6 күндүк кирешени 1 күндө таап койгон. Дүкөндүн ээси келгенде таң калып, мындай ыкманы дайым колдонууну чечет. Мистер Мур Фрэнкке, өзү дүкөн ачып иштетүүнү сунуштайт, а түгүл баштапкы ишти алып кетүүгө жардам катарында 300 доллар карыз да бере турат.


Фрэнк ошентип “5 цент” деген бир дүкөн, андан кийин дагы бирөөнү, ошентип катары менен ачылган дүкөндөрдүн торчолору жакшы киреше алып келгендиктен, соода жайларын бирини-аркасынан бирин ача баштайт. Бир күнү Вулворт Иса пайгамбардын туулган күнүнө арналган майрамга карата кардарлардын маанайы жакшы болуп көбүрөөк соода жургүзүү амалында дүкөндүн ичин жасалгалап кооздойт. Кайтадан ишке ашырган ою оңунан чыгып, мындай ыкманы башка дүкөндөр дагы салттуу түрдө улантып кетишкен.


Вулворт акыркы 10 жылдыкта ушунчалык байып кетип, а түгүл тапкан акчасынын каражатына Нью-Йорктогу ошол кезде дүйнө жүзүндөгү эң бийик деп саналган Woolworth Building аттуу көк тиреген 55 кабаттуу үй салган. Анын чыгымы 14млн долларга айланган. 1913-жылы 24-апрельде АКШ нын президенти Вудро Вильсон салтанаттуу түрдө Вулворт-билдингдин ачылышын жарыялаган. Мындай эбегейсиз чоң, бийиктиги 238 метрге чейин жеткен мекемеде Америкадагы 4000 миңге жакын эң мыкты делген, көрүнүктүү кеңселер болгон. Вулворт үйү азыркы учурга чейин деле Нью-Йорк шаарынын бирден-бир эң кызыктыраарлык, көзгө урунаарлык, атактуу мекемелердин бири болуп саналат.


Жаратман 1919-жылы 66 жашында өттөгү таштын кесепетинен улам оорудан каза болгон.


Даярдаган:Таттыбү Назаркулова