Коронавирустун жайылышы менен дүйнөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын экономикалык таасирине талдоо жүргүзүлүп жатат. Муну менен бирге ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан азык-түлүк рынокторунда жана чекене соода түйүндөрүндө бааларга мониторинг жүргүзүлүүдө.
Өлкөдө азык-түлүк продуктуларынын камы жетиштүү жана жарандардын тынчсыздануусуна негиз жок. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев коронавирус инфекциясынын өлкөдөгү экономикалык абалга тийгизген таасири маселелери боюнча жумушчу кеңешмеде айтты. Вице-премьер-министр өлкөлөрдүн, ошондой эле ишкерлердин ортосундагы экономикалык байланыштарды сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Өлкөдө азык-түлүк таңсыктыгы жок. Кыргызстандын базарларында, азык-түлүктөргө болгон баа да өзгөргөн эмес.
2018-жылдан бери Кытай жана Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү 5,6 миллиард долларга жеткен. Бул көрсөткүч, биздин эң алгачкы мамиле кылган жылдарга салыштырмалуу 150 эсеге көптүк кылат. Кытай көп жылдан бери, Кыргызстандын эң ири соода өнөктөшү болуп келүүдө. Кыргызстандын базарларында Кытайдан көбүнчө ар кандай техникалык жабдыктар менен кийим-кече сыяктуу жеңил өнөр жай материалдары келет. Андыктан азык түлүк боюнча эч кандай кооптонуу жок.
Анткен менен коронавирус боюнча абал бажы тармагына таасирин тийгизбей койгон жок. Ушул тапта Кытайдан келген жүктөрдүн көлөмү азайып калды. Мындан улам акыркы эки айда бажы төлөмдөрүнүн баасы 70 пайызга төмөндөгөн.
Эпидемия чыккан учурдан тартып, Кытайдан жүк ташууга Кыргызстан эле эмес башка мамлекеттер тарабынан да чектөө киргизилген. Мамлекеттик чек ара аркылуу товарларды ташууда коронавирустун кирүүсүнүн жана жайылышынын алдын алуу үчүн жүктөрдү көзөмөлдөө чаралары күчөтүлдү. Бул бардык түрдөгү, анын ичинде темир жол аркылуу ташууларга тийиштүү. Темир жол аркылуу ташуулардын көлөмүнүн азаюусу, алды менен Кытайдын өзүндөгү чектөөлөр менен шартталды.
Учурда Кыргызстанда коронавируска байланыштуу жагдайга толук талдоо жүргүзүп, анын экономикага тийгизген таасирин, тобокелчиликтерди аныктоо иштери жанданды. Ошондой эле түзүлгөн кырдаалда ишкерлерге жардам берүү зарылдыгын камтыган иш-аракеттердин планын иштеп чыгуу боюнча жумуштар жасалып жатат.