Быйыл 3 миңден ашык жаран Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн катарын толуктаса, 7 миңден ашык аскер альтернативалык кызмат өтөйт. Аскерге чакыруунун алгачкы этабы март айында башталып, республикалык топтоо пунктунда аскерге чакырылуучуларды салтанаттуу узатуу аземи болду.
Республикалык топтоо пунктуна келгенге чейин, тизилип турган жеткинчектердин баардыгы аскердик-дарыгерлер комиссиясынын жана атайын аскердик госпиталдардын дарыгер адистеринин катышуусунда дыкат медициналык текшерүүдөн өтүшкөн. Андан тышкары, аскерге чакыртылгандардан физикалык жактан даярдыгы да текшерилген.
Ата-энелери, жакындары менен коштошуп жатышкан балдардын көбүнчөсү, аскерге өз каалоолору менен келгендер. Балдарынын аскерге баруусуна каршы болбой, анын жүрөгүндөгү патриоттук сезимди колдоону милдет деп эсептеген ата-энелер да кошо келишкен.
Буга кызмат өтөй турган жайлардагы шарттардын жакшырышы түрткү болду дешет аскер кызматынын ардагерлери.
Бул жолку аскерге чакыруучулар Чек ара кызматынын Караколдогу бөлүгүнө бир айлык даярдоочу курска жөнөтүлдү. Кыргызстандын мыйзамдары боюнча ар бир атуул 18 жашка толоору менен армияда бир жыл кызмат кылууга милдеттүү.