POST#RIGHTКоронавирустун алдын-алуу үчүн мечиттер да дезинфекцияланып жатат. Таласта дагы, коомдук жайларда дагы алдын-алуу иштери журуп жатат.
Дезинфекциялоо иши буга чейин жүргүнчү ташыган коомдук транспорттордо да өткөрүлгөн. Бул аракеттер облуста жана бардык райондордо түзүлгөн штабдардын чечими менен ишке ашууда.
Ал эми буга чейин социалдык тармактар аркылуу “таласта коронавирска кабылгандар бар”-деген маалымат, жалган экени аныкталып, маалыматты тараткандардын өздүгүда такталган. Элди жөн жерден дүрбөлөңгө салгандарга карата чаралар көрүлгөн. Ал эми жергиликтүү бийлик облус боюнча абал туруктуу экенин жана ушул тапта кооптонууга негиз жок экенин эскертет. Абал толугу менен көзөмөлгө алынган.
Ал эми Талас облусунунун коңшу Казакстан менен чектеш жериндеги Чоң-Капка өткөрмө бекети 28-январдан бери бул жугуштуу илдетке байланыштуу күчөтүлгөн көзөмөлдө иштеп жатат. Жеринде жооптуу адистер атайын жабдыктардын жардамы менен ар бир жаранды оорунун бардык белгилерине тыкыр текшерип өткөрүүдө.
Буга чейин Таласка коронавирус катталган мамлекеттерден келген 21 жаран атайын обочолонгон жайда кармалып, 14 күндүк көзөмөлдөн өтүп, илдеттин белгилери аныкталбаган соң коё берилген.