Кыргызстанда мектептер менен жогорку окуу жайлары үч жумага карантинге жабылат
Новость

16-марттан баштап, өлкөнүн бардык мектептери жана жогорку окуу жайлары үч жумага карантинге жабылды. Мындай чечим Президент Сооронбай Жээнбековдун жетекчилиги алдында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынды. Коопсуздук Кеңешинин отурумунда буга чейин болуп өткөн эки жыйынындагы коронавирустун кирүүсүн алдын алуу жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кабыл алынган чечимдеринин аткарылышы каралды. 

Мамлекет башчысы экономикалык кыйынчылыктардын келип чыгаарына карабай, ар бир мамлекет өзүнүн элинин саламаттыгын биринчи орунга коюп, чек араларды, каттамдарды жаап жатканын белгиледи. 

“Биз да, Кыргызстан, ошол багытта иштеп жатабыз. Ачыгын айтышыбыз керек, экономикага терс таасири тиет. Республикалык бюджеттен чыгашаларды экономдоо режимине өтүп, чакырыктарга, кыйынчылыктарга даяр болушубуз керек”, - деп баса белгиледи. 

Кырдаал анын жеке көзөмөлүндө болуп, саат сайын ар кыл мамлекеттик органдардан маалымат алып жатканын баса белгилеген Президент Сооронбай Жээнбеков, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги жөнүндө дагы бир жолу эскертти. Зарыл болгон иш-чаралар тиешелүү деңгээлде ишке ашырылбаса, эң катуу чаралар көрүлөт.