Кыргызстан дүйнө өлкөлөрүн эпидемиологиялык абалына ылайык үч топко бөлүп, ага жараша коопсуздук чаралары көрүлүүдө. Биринчи топтогу мамлекеттер Кытай, Италия, Испания, Иран, Түштүк Корея, Жапония, Франция, АКШ жана Германияда соңку 30 күн ичинде болуп келген кыргызстандыктар 14 күндүк карантинге алынууда. Ал эми бул өлкөлөрдө 30 күн аралыгында болгон чет элдиктер Кыргызстанга киргизилбейт. Чек арадан өтүүгө эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө, дипломаттарга жана атайын делегация мүчөлөрүнө гана уруксаат. Алар медициналык текшерүүдөн өтүшөт. Экинчи жана үчүнчү топтогу мамлекеттердин тизмесинде коронавирусту жуктуруу учуру жыйырмадан беш жүзгө чейин катталган өлкөлөр бар. Алардан кайтып келген кыргызстандыктар ооруканаларда каттоодо турушат.
Карантинге алынгандардын катарында эл өкүлдөрү да бар. Вице-спикер Аида Касымалиева менен депутат Абдыбек Дүйшөлиев Германиядан иш сапар менен кайтып келишкен.Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирусту пандемия же эпидемиядан да оор деп атады. Ага жараша бардык мамлекеттер коопсуздук чараларын күчөтүүдө. Кыргызстан да илдетти жуктурган адамдардын өлкөгө өтүп кетпеши үчүн алдын алуу иштерин күчөттү. Соңку аптада чек ара бекеттери менен аэропорттогу текшерүү ыкмалары өзгөрдү. Тамактануучу жайлар, базар, соода борборлорунда тынымсыз дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат. Буга чейин соодагерлердин же атайын жайлардын кожоюндарынын чакыруусу менен санитардык иш-чаралар жүргүзүлүп келсе, эми ал милдеттүү түрдө аткарылууда.
Дезинфекциялоо чаралары транспорт каражаттарында да жүргүзүлүп жатат. Бишкектеги 140 автобус менен 140 троллейбус жана 35 ишкананын эл ташуучу кичи автобустары зыянсыздандырылды. Коронавирусту жуктурган бир гана адам өлкөгө өтүп кетсе, анын жайылышы коркунуч жаратаарын адистер эскертип келишет. Мындан улам маданий, спорттук жана башка эл көп топтоло турган иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизилди. Мекеме, уюмдарга имараттарды зыянсыздандыруучу каражаттар менен камсыз кылуу сунушталды. Дарыгерлер менен диний ишмерлер да жолугушуп, илдеттин жайылышынын алдын алуу чараларын көрүп жатышат. Вирустун алдын алуу чаралары Бишкекте гана эмес, өлкөнүн бардык дубандарында жүрүп жатат. Бул көрүлүп жаткан чаралар Кыргызстанда абал кооптуу дегенди билдирбейт. Вирустун алдын алуу иштери гана жүрүүдө. Илдетти жуктурган адам аныкталды деген жалган маалыматтар көпчүлүктүн тынчын алып жатат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өлкөдөгү өкүлчүлүгү эгер чындап коронавирусту жуктургандар болсо, коомчулукка кабар берилээрин, аны жашырууга эч ким кызыкдар эмес экенин белгилейт.
Буга чейин АКШдагы Джон Хопкинс университети өзүнүн өнөктөштөрү менен бирге өлкөлөрдүн жугуштуу ооруларга каршы даярдыгын талдап чыгып, атайын рейтинг жарыялаган. Андагы маалыматка таянсак Кыргызстандын даярдыгы ортодон жогору деп көрсөтүлгөн. Жалпы өлкө боюнча санитардык-эпидемиологиялык алты лаборатория бар. Карантин үчүн бир жарым миңден ашык орун даяр. Өкмөт вирусту тез аныктоочу тест-системалар да жетиштүү экенин билдирди. Алар Россия, Түркия жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму аркылуу алынган.