POST1RIGHT
Президент Касым-Жомарт Токаев коронавируска байланыштуу Казакстанда өзгөчө кырдаал жарыялады. Касым-ЖоомартТокаев кол койгон жарлыкта жарандардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо үчүн Казакстандын бардык аймагында 16-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө кырдаал жарыяланганы жазылган. Бул убакыт аралыгында эл көп топтолгон оюн зоок борборлору, кинотеатрлар ишин токтотуп, ар кандай көргөзмөлөргө, спорттук оюндарга жана эл көп чогулган иш-чараларга тыюу салынары айтылган.
Казакстанда бүгүн коронавирус 8 адамдан табылды. Илдетти жуктурган биринчи бейтап коңшу өлкөдө 13-мартта катталган.