Коронавируска байланыштуу абал аймакта жана дүйнө жүзүндө турукташканга чейин республикалык бюджеттин чыгымдарын үнөмдөө режимине өтүү зарыл. Мындай пикирин Президент Сооронбай Жээнбеков Каржы министри Бактыгүл Жеенбаеваны кабыл алганда билдирди. Өз кезегинде Каржы министри Коопсуздук кеңешинин акыркы жыйынынан кийин бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн мүмкүн болгон бардык багыттары караштырылып жатканын айтты.