Тышкы иштер министрлиги менен Саламаттыкты сактоо министрлигине коронавирус инфекциясы боюнча Кыргызстанга кеңеш берүү жана иш жүзүндө жардам берүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө Кытай тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү сунушталды. Мындай чечим өткөн ишембиде болгон Коопсуздук кеңешинин отурумунун жыйынтыгы менен кабыл алынды.
14-мартта Президенттин төрагалыгы алдында мамлекеттик органдардын жетекчилери, өкмөттүн аймактардагы өкүлчүлүк башчылары, республикалык маанидеги эки калаанын мэрлеринин катышуусунда Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйыны өткөн. Анда коронавируска байланыштуу абал боюнча эки республикалык штабдын маалыматы угулуп, бир катар тапшырмалар берилген.
Аны менен бирге Коопсуздук кеңеши укук коргоо органдарына жана Монополияга каршы күрөшүү кызматына социалдык мааниге ээ товарларга бааларды негизсиз көтөрүү жана алып сатуу максатындагы абийирсиз ишкерлердин тигил же бул аракеттерине бөгөт коюуну буюрду. Аталган кызматтардын өкүлдөрү базарларды жана дүкөндөрдү кыдырып, жеринен текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Баа саясатын туруксуздаштырып, товардын наркын жасалма көтөрүп, чайкоочулук кылгандарга мыйзам чегинде жаза көрүлүүдө.
Ал эми калкты күнүмдүк турмушка керектүү негизги азык түлүк менен камсыздоо маселесине келсек, тамак-аш тартыштыгы жаралат деп кооптонууга негиз жок. Өлкөгө кирген буудайдын, ундун импортуна тоскоолдук жаралган жок. Мындай маалыматты бүгүн өткөн жыйында өкмөт башчы да ырастады. Буудай кампалардын жана ири ун комбинат жетекчилери да ундун жана буудайдын кору жетиштүү экенин айтышууда.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык өлкө аймагында вирусту жуктуруп алгандар катталган жок. Сырттан келген ар бир жаран чек ара өткөрмө жайларынан, аба майдандардан тыкыр текшерүүдөн өтүүдө. Карантинге алынгандар да бар. Коопсуздук кеңеши карантиндин шарттарын бузгандарды аныктоо жана белгиленген мыйзам менен жоопкерчиликке тартууну күч органдарына буюрду.