POST1RIGHT
Азык-түлүк продукцияларына бааларды атайын көтөргөн соодагерлерге катаал чаралар көрүлөт. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Айтымында, Монополияга каршы агенттик бүгүн ун жана нан азыктарына белгиленген бир бааны койду. Тиешелүү органдар бардык аймактарда баалардын бир калыпта сакталышына көзөмөл жүргүзөт. Ал эми азык-түлүк өлкөдө жетиштүү көлөмдө.
Коронавирусту жуктуруп алгандар Казакстанда 9 адамга жетти. Ал эми Өзбекстанда 6 киши бул илдетке чалдыккан. Кыргызстандын эки коңшу өлкө менен соода-экономикалык алакасы, жарандар ортосундагы карым-катнаш бар, андыктан өкмөт башчы өлкөгө коронавирустун келүү коркунучу артканын белгиледи. Буга байланыштуу чек ара тилкелеринде текшерүү иштери күчөтүлөт.
Ошондой эле өкмөт башчы, Казакстан менен Өзбекстан чек арасын жапканы бизнеске эч кандай таасирин тийгизбесин, жарандардын гана жүрүшүнө чектөө киргизилерин айтты. Коомчулукту дүрбөткөн негизги маселе- азык түлүккө болгон баанын көтөрүлүп кетиши болду. Бишкектин базарларында 1200-1300 сомдун тегерегинде сатылып жаткан ундун баасы күн мурун 2 миң сомго чейин чыккан. Өкмөт башчы бул ишке атайылап барган соодагерлерди сынга алып, ун жана нан азыктарына бирдей баа коюларын билдирди. Өкмөт башчы билдиргендей, өлкөдө азык- түлүк жетиштүү.
Андыктан негизсиз эле дүрбөлөңгө түшүүнүн кереги жок. Жарандар жугуштуу оорудан сактануу үчүн саламаттыкты сактоо министрлиги бекиткен эреже талаптарды так аткарып, тартипке көбүрөөк көңүл бөлүшү керек. Экономикалык кырдаал тууралуу айтып жатып өкмөт башчы улуттук валютанын абалына токтолду. Дүйнөлүк базарда мунай заттын баасы түшүп кеткенине байланыштуу доллардын куну өсүп, коңшу Россия, Казакстанда, аны менен катар Кыргызстанда сомдун курсу төмөндөдү. Бирок, өкмөт бул багытта да ыкчам иш-чараларды жасады. Премьер-министрдин айтымында, доллардын курсун мындан ары 73 сомдун тегерегинде кармап туруу аракети көрүлөт.