Баткенде коронавирустун алдын алуу боюнча кеңешме өткөрүлдү
Новость KTRK/videograp

Баткенде коронавирустун алдын алуу чараларын күчөтүү боюнча чукул координациялык кеңешме өткөрүлдү. Облус башчысы Өзбекстан менен чектеш аймактагы чек ара көзөмөл-өткөрүү пункттары күчөтүлгөн тартипте иш алып баруусу учур талабы экенин белгиледи. Ошондой эле өткөрмө бекеттерге кошумча дарыгерлерди тартуу, атайын медициналык жабдуулар менен камсыздоо,тез жардам унааларын уюштурууну тез арада кечиктирбей аткарууну талап кылды.