Азык-түлүктүн бааларына байкоо жүргүзүлдү
Новость

Бишкек шаардык мэриясынын кызматкерлери жергиликтүү дүкөндөрдү, базарларды кыдырып, азык-түлүктөрдүн бааларына байкоо жүргүздү. Айтымдарында, социалдык мааниге ээ азык-түлүктөр өлкөдө жетиштүү. Кооптонууга себеп жок. Сатуучуларга кеңири колдонуудагы азыктарга бааны негизсиз көтөрбөөсү тууралуу эскертүү берилди.