Бир кап ундун баасы 1 миң 450 сомдон ашпашы керек. Азык-түлүктүн наркын негизсиз жогорулаткандарга чара көрүлөт. Калк күнүмдүк керектеген товарлардын 14 түрүнүн орток баасы бекитилди.
Бүгүн борбор калаанын жетекчилери тиешелүү кызматтар менен бирге базарларды текшерип, айрым эреже бузгандар аныкталды. Ошондой эле коронавирустун жайылышынын алдын алуу багытындагы чектөөлөргө маани бербеген ишкерлерге да эскертүү берилди.