Ичимдикке жакын жана тамекини үзбөй чеккен жарандардын организми коронавирус инфекциясына биринчилерден болуп алдырышы мүмкүн. Бул тууралуу жугуштуу оорулардын алдын алуу жаатында иштеген кызматкерлер белгилеп, адамга пайдасынан кесепети көп болгон мындай терс адаттарды эртерээк таштоо керектигин эскертишүүдө.