Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети коронавирустун таралышы боюнча маалыматтардын фонунда кооптонуу ушактарын, фейк маалыматтарын тараткан тараптарды аныктоо, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүүдө.
Түшүндүрүү-профилактикалык иштер укук коргоо жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте өткөзүлүп жатат. Азыркы тапта республикада кырдаал стабилдүү. Базарлар жана соода түйүндөрү өз нугунда иштеп жатат.
Коронавирус боюнча республикалык штаб күнү-түнү иштеп, 0(312) 88 16 84 ишеним телефону боюнча бардык суроолорго жооп берүүгө даяр.
КР УКМК жалган маалыматтарды жана башка ушул багыттагы материалдарды тараткандыгы үчүн КР мыйзамына ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертет.