Бишкек шаарындагы бардык иш-чараларга чектөө киргизилди
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Бишкек шаарында бардык маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк жана эстелик иш-чаралары абал турукташканга чейин өткөрүлбөйт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, бардык оюн-зоок жайлар, балдар ойноочу аянтчалар, интернет-клубдар, соода борборлор, кинотеатрлар, театрлар, музейлер, көргөзмө залдар жана галереялар жабылууга тийиш. 

Ошондой эле, кафелерде жана ресторандарда 50дөн ашык адамды тосууга тыюу салынат. Спорттук ден соолукту чыңдоо борборлору, спорт секциялары, коомдук мончо, сауналар жана бассейндер дагы ишин токтотушу керек. Бардык жерде колду тазалоочу санитайзерлерди орнотуу, имараттарда жана залдарда абаны тазалоочу, кызматкерлерди жана кардарларды бардык дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыз кылуу зарыл. 

“Кымбаттуу ата-энелер, чоң энелер, чоң аталар, агалар, эжелер! Мектептердеги жана ЖОЖдордогу карантинден улам, балдарды оюн-зоок борборлоруна сейилдөөгө, компьютердик клубдарга жибербөөнү суранабыз”- деп айтылат мэриянын кайрылуусунда.