Штабдын расмий жана такталган маалыматын кайдан алса болот?
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

16-марттан тарта коронавирустук инфекциянын жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын алдында атайын пресс борбор иштеп баштады. Борбордун кызматкерлери биринчи кезекте, өлкөдө болуп жаткан кырдаал боюнча акыркы маалыматтарды ыкчам таркатуу менен алек. Штабдын расмий жана такталган маалыматын кайдан алса болот?

Калкты туура маалымат менен камсыз кылуу максатында Өкмөт тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн чакырып, күн сайын бир нече маалымат жыйындарын уюштурууда. Бирок эл көп чогулган жерлерден оолак болуу - жугуштуу оорулардын алдын алууда маанилүү кадамдардын бири. Ошондуктан, 19-марттан баштап COVID-19 коронавирусу боюнча Кыргызстандагы абалды көзөмөлдөөчү республикалык штабдын маалымат жыйындары онлайн тартипте өтүп жатат.

Брифингдер ошондой эле Өкмөттүн Youtube каналында, “Кыргыз Өкмөтү” жана “Социальное Правительство” фейсбук баракчаларында дагы түз алып көрсөтүлөт. Мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө массалык маалымат каражаттарынан сырткары, ар бир жаран дагы каалаган суроосун бере алат. Бул үчүн расмий баракчаларда таркатылган шилтемеден өтүп, атайын түзүлгөн тизмеге сурооңузду жазышыңыз керек. Ошондой эле телеграммда COVID-19_Kyrgyzstan аттуу чат түзүлдү, ал коронавирус инфекциясы боюнча сизге керектүү болгон маалыматтарды тез арада жөнөтүп турат. Баса, ыкчам кабарлар алгач COVID-19 боюнча Республикалык штабдын телеграммдагы негизги каналына жайгаштырылат.

Өкмөттүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы белгилегендей, маалымат борборуна медиа секторунун мыкты адистери тартылып, ыкчам иш жүрүп жатат.

Штабдын мүчөлөрү жарандарды коопсуздук жана профилактика чараларын так сактоого чакырып, жалган жанылыктарга ишенбей, маалыматты расмий булактардан тактоону сунуштайт.