POST1RIGHT
Борбор калаада азык-түлүккө болгон баалар көзөмөлдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов билдирди. Калаа башчысы бүгүн шаардагы ири соода түйүндөрүнүн, базарлардын жана дарыканалардын жетекчилери менен жолугушуп, анда борбордо азык-түлүккө болгон бааларды бир калыпта кармап турууда бирге аракет көрүү максаты айтылды.
Ушул тапта борбор калаада азык-түлүк каатчылыгы жок, биринчи керектөөдөгү ун, нан, кумшекер, май жана башка азык түлүктөр жетиштүү жана баалар да бир калыпта кармалууда. Өлкөдөгү акыркы кырдаалга байланыштуу мэр Азиз Суракматов ишкерлер менен бирге иш алып баруунун зарылчылыгын баса белгиледи.
Аптанын башында айрым соода жайларында бир мүшөк ундун баасы эки миң сомго чыгып кеткен. Калаа бийлиги бул ортомчулардын колунан келген иш экенин айтып, мындан ары терс көрүнүшкө жол берилбей турганын убада кылууда. Өз кезегинде ишкерлер да тамак аш азыктарына нарктын көтөрүлүп кетпөөсү үчүн көмөк көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Эгер ундун баасы көтөрүлө турган болсо, мэрия ага карата көрүлө турган чараларды даярдап койду.
Калаа жетекчилиги күн мурун борбордогу соода түйүндөрүн кыдырып, негизги азык түлүктөргө болгон бааларды текшерди. Алдыдагы күндөрү доллардын куну өскөнүнө байланыштуу бир эки сомго кымбаттоолор болушу мүмкүн, бирок көп эмес. Базарлар соода жайлары жана дарыканалар кадимки тартипте иштейт.
Азыр бир гана дарыканаларда беткап жана гигиеналык каражаттардын жетишсиздиги байкалууда, андыктан сатыкка чектөө киргизилди. Бир адамга 3 даанадан ашык беткап сатылбайт, наркы болсо 12 сомдон ашпашы керек.
Баалардын өзгөрүүсүнө каржы полициясы, прокуратура баштаган тиешелүү органдар көзөмөл жасап турмакчы. Бишкек мэриясы болсо абал турукташканча күчөтүлгөн тартипте иш алып бармакчы.
Баалардын өзгөрүүсүнө каржы полициясы, прокуратура баштаган тиешелүү органдар көзөмөл жасап турмакчы. Бишкек мэриясы болсо абал турукташканча күчөтүлгөн тартипте иш алып бармакчы.