POST1RIGHT
Өлкө боюнча 1 миң 623 орундук даярдалган, дагы кошумча 715 орундук резервде турат. Интенсивдүү терапия үчүн 215 орундук каралып, 68 орундук дагы кошумча сакталып турат. Республикалык штабдан билдиришкендей саламаттык сактоо мекемелери атайын нускамалар жана бейтаптарды ооруканага жаткыруу алгоритми боюнча иштеп жатат.
Анда ззгөчө, эпидемиологиялык абалы жагымсыз өлкөлөрдөн келген же COVID-19 оорулуулары менен байланышкан соматикалык илдеттери бар, кош бойлууларды, жаңы көз жарган айымдарды жана ымыркайларды обсервациядан стационарларга кабыл алуу тартиби жазылган.