POST1RIGHT
Социалдык тармакта чагымчыл маалымат тараткан адам аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. Маалыматка ылайык, ушул жылдын 30-мартында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында "Аруузат Токо" аты менен Фейсбук баракчасы аркылуу аймактар аралык жаңжалды козутуучу материалдарды жайгаштырып келген Бишкек шаарынын тургуну аныкталды.
Бул факты боюнча сотко чейинки териштирүүнүн материалдарынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин "расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы араздашууну козутуу" беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда лингвистикалык экспертиза дайындалып, тергөө жүрүп жатат.