Cоциалдык туруктуулукту камсыздоо
Новость www

POST1RIGHT

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу түзүлгөн кырдаалдын экономикалык жана социалдык туруктуулукка тийгизген терс таасирин төмөндөтүү боюнча бекитилген пландардын жыйынтыгы тууралуу кеңешме өткөрдү. 

Өкмөт башчынын айтымында, бүгүнкү күндөгү жагдай жылдап топтолуп келген көйгөйлөрдү, анын ичинде саламаттык сактоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөлөрүндөгү маселелерди Өкмөткө ыкчам чечүүнү милдеттендирди. Премьер-министр тигил же бул азыктын жана дары-дармектин жоктугу боюнча тынчсызданууга негиз жок экенин билдирди. Анын айтымында,чек аралар ачык, жүк жана товар адаттагыдай тартипте ташылууда. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 10 миң тонна ун бөлүү тууралуу чечим кабыл алынды, анын 5 миң тоннасы калктын аярлуу катмарын колдоого багытталат.