POST1RIGHT
30-март саат 20:00дөн тартып 31-март таңкы саат 07:00гө чейинки коменданттык сааттын шартын бузган 155 жаран кармалып, 9 унаа токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, алардын ичинен Бишкек шаары боюнча - 137, Ош шаары боюнча - 5, Жалал-Абад шаары - 9, Кара-Суу районунда - 4 жаран райондук бөлүмдөргө жеткирилген. Ал эми Ноокат жана Сузак райондорунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок.
"Кармалгандардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен кое берилди", - деп билдиришти ИИМден. Министрликтин маалыматына караганда, алты күндүн ичинде жалпысынан өлкө аймагында 1242 жаран коменданттык салаты бузгандыктары үчүн милициянын патруль тобу тарабынан кармалган.