Беш-Күнгөй айылындагы обсервацияда жаткан бир аял коронавирустан улам каза болду деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Аталган обсервацияга жалпы 31 киши жаткырылган, бардыгынын абалы жакшы, алар дарыгерлердин көзөмөлүндө деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, Кыргызстан боюнча жалпы коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 116 кишиге жетти. Ошондой эле учурда беш киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. Алардын ичинен 2 киши Ноокатта, 2 киши Ошто, бирөө Жалал-Абадда. Алардын ичинен жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган эки адамдын абалы оор.