Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Басма сөз кызматынын маалыматына караганда коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында өткөн сутка ичинде ӨКМ тарабынан 832 828 м унаа жодор дезинфекцияланды.
Мындан тышкары:
-ӨКМ тарабынан 12 миңден ашуун орундук даярдалган;
- Өлкө боюнча санитардык-карантиндик жана блок постторго ӨКМ тарабынан 120 даана чатыр жана 56 мобилдик турак-үй орноштурулган;
- Обсервацияда жайгаштырылган жарандарга 3 маал ысык тамак-аш берилип жатат;
- 112 ыкчам номуруна өткөн сутка ичинде коронавирус боюнча 1081 чалуу түшүп, нөөмөтчүлөр келип түшкөн бардык суроолорго жооп беришүүдө. Өткөн суткада жалпы 7440 чалуулар түшкөн, басымдуулугу максатсыз чалуулар;
- ӨКМ тарабынан 324 куткаруучу жана 96 унаа тартылган.