Индиядан 15 кыргызстандык жаран келди. Аларды Индиядан алып келүү Казакстандын Өкмөтүнүн жардамы менен ишке ашырылды. Алар атайын борт менен Казакстандын жарандары менен кошо эвакуацияланды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди. Кыргызстандыктарды Тараз шаарындагы эл аралык аэропорттон атайын транспорт менен Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлеринин коштоосунда Кыргызстанга алынып келинип, учурда алар обсервацияда жатышат. Ошондой эле алдыда дагы чет мамлекеттердеги кыргыз жарандарын мекенге кайтаруунун жолдорун караштыруу иши уланып жатат. Анын ичинде өнөктөш өлкөлөр менен биргеликте жана колдоосунда аракеттерди уюштуруу көрүлүүдө.