Ош шаары жана Кара-Суу, Ноокат райондорунда коменданттык саатты бузган 12 адам кармалды. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди. Анын айтымында, кармалгандардын ичинде мас абалында унаа айдаган 3 айдоочу болгон. Алардын унаасы айып аянтчасына коюлду. Эскерте кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.