POST#RIGHT Коронавируска байланыштуу аныктоо жана дарылоо иш-чараларына тартылган медицина кызматкерлерине, кенже тейлөөчү жана техникалык кызматчыларга өбөлгөлөөчү кошумча төлөм үчүн 38 млн 559 миң 307 сом жумшалат. Тиешелүү чечим Кыргызстандын аймагында коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн ыктыярдуу жардам көрсөтүү түрүндө түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча комиссиянын жыйынында кабыл алынды. Муну менен бирге Кыргызстандын аймагында коронавирус инфекциясынын кесепеттери менен күрөшүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн ыктыярдуу жардам көрсөтүү түрүндө жеке жана юридикалык жактардан түшкөн акча каражаттарын, гуманитардык жана кайрымдуулук жардамын бөлүштүрүү тартиби жөнүндө Жобо бекитилди. Белгилей кетсек, 4-апрелге карата Кыргызстандын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөшүү иш-чаралары үчүн бирдиктүү эсепке 96 млн 919 миң 729 сом түшкөн.