Бишкек шаарында карантиндик аймак кеңейтилди
Новость

Бишкек шаарында карантиндик аймак кеңейтилди. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев билдирди. Ал шаардын көчөлөрүндө дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп жатканын айтып, карантиндик аймак түштүк тарабынан Аалы Токомбаев, Жайыл Баатыр көчөсү, түндүк жагынан Чоң Чүй каналы, чыгыштан Чолпон-Ата көчөсүнө жана батыш тарабынан Дооронбай Садырбаев көчөсүнө чейин кеңейтилгенин билдирди. Ошондой эле дезинфекциялоо иштерине байланыштуу карантиндик аймактын жаңы бөлүгү жана мурда жабылган бөлүгү автоунаалар жана адамдар үчүн жабык болот - деп кошумчалады Орозалиев.