5-апрелден тартып, өзгөчө абал менен коменданттык сааттын эрежелерин, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бузгандарга карата чаралар катаалданды. Эң катуу жаза - вирусту жугузуп алгандыгын жашырып, илдеттин жайылышына жол берген жарандарга карата болмокчу. Калк саламаттыгына олуттуу зыян алып келүүгө себепкер болгон жарандар 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.