Бишкекте 5-апрелге карата коменданттык саатты бузган 83 адам кармалды
Новость

POST#RIGHTБишкекте 5-апрелге карата коменданттык саатты бузган 83 адам кармалды. Аларга карата протоколдор толтурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев коменданттык саатты бузгандардын саны азайып жатканы байкалууда дегени менен өзгөчө абалда кечкисин сыртта жүргөндөр болууда. Алардын арасында аялдар дагы бар.